Ош. Шаардагы борбордук көпүрөнүн курулушу башталды

Шаардагы борбордук көпүрөнүн курулуш иштерине байланыштуу Навои көчөсү автоунаалар үчүн жабылды. Мындан ары бул көчө аркылуу өтүүчү маршруттук унаалар башка көчөлөр аркылуу кыймылдашат. Айта кетсек, аталган көпүрөнү кытайлык “Гунсуе” компаниясы курат. “Каражат маселеси убактысы менен бөлүнүп турса көпүрө 2014-жылга бүтөт”,- дейт шаардык жол башкармалыгынын башчысы Сатыбалды Абдылдакунов. 

Айта кетсек, көпүрө борбордук базардын жанына курулат. Ал Навои көчөсү аркылуу Ак-Буура дарыясын кесип өтүп (сүрөттө) А.Масалиев - Ленин көчөлөрүн байланыштырат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан