Мамлекеттик салык кызматы 8 айда турак-жайга болгон салыктан 56,2 миллион сом чогултту

Ушул жылдын 8 айында Мамлекеттик салык кызматы турак-жайга болгон салыктан 56,2 миллион сом чогултту.  План боюнча 51,5 миллион сом чогултулушу керек болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Биринчи топтогу салык төлөөчү мекемелердин саны 10 миң 158. Аларды аныктап, маалымат базасын түзүү максатында Мамкаттоонун кыймылсыз мүлк боюнча токтомундагы маалыматтарды бири-бирине салыштырып, текшерүү жүрүүдө. Биринчи топ боюнча (үй, турак-жай) салык төлөө ушул жылдын 2-сентябрында токтотулган. Учурда кызматкерлер салык төлөбөгөн турак-жайларды текшерип жатканы айтылды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан