ИИМдин 10-башкармалыгы "Супер-Инфо" гезитинин расмий SUPER.KG порталын "улут аралык кастыкты козуткан" деп айыптап жатат.
Өткөн аптада SUPER.KG порталынын кызматкери социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып жаткан бир видеого көзү түшүп калып, ал жерде көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу сайттардын биринен көчүрүп, аны порталдын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөйт. Видеодо өзбек тектүү балдардын кыргыз балдарды ур-токмокко алып, каалашынча мазактап жатканы тартылган. Окуянын качан, кайсы жерде орун алганы, аны кимдер тартканы, кандай максатта интернет желесине жарыялаганы белгисиз. Албетте, милиция кызматы биринчи кезекте ушул суроолорго жооп табышы зарыл. Тартип сакчылары "Азаттыкка" берген комментарийинде "Видео мындан үч жыл мурун, Июнь окуясында тартылышы мүмкүн" деп жоромол кылып, оңоюна качырып жатышат. Балким ал окуя былтыр, балким бир ай мурун эле болгондур? Эми кыргыз-өзбек катышкан ар бир кылмышты Июнь окуясына алпарып чаптай беришеби? Анткени согуш баарын жууп кетет, согушка башка кылмыштарды да шылтап салса боло берет... ИИМде ушундай мамиле болуп жатабы?
Ал видеодо кыргыз жигиттерин кимдер кордогону, аны кимдер тартканы, алар табылышы мүмкүн же мүмкүн эместиги, же анын кандай максатта интернетке жайгаштырылыш фактысы ИИМдин тиешелүү кызматы тарабынан иликтелинип, эки элдин тирешүүсүн жоюу максатында коомчулукка жарыяланышы керек эле. Бизди таң калтырганы, ал видео алгач жүктөлгөн сайт, улам бир колдонуучу тарабынан «бөлүшүлүп» талкууга алынып жаткан интернеттеги социалдык тармактар эмес, ИИМдин көзүнө жалгыз SUPER.KG порталынын илингендиги болду. ИИМдин ММКларга таратылган маалыматында бул факты боюнча кылмыш иши козголгону жатканы айтылып, жалгыз гана SUPER.KG порталынын кызматкери ал видеонун таратуучусу катары көрсөтүлүүдө.
Макала "Супер-Инфо" гезитинин 20-сентябрда чыккан санында жарыяланды. Ал макаланы толугу менен окуу үчүн бул шилтемени басыңыз.