Бүгүн, 23-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.Куттуктоонун тексти төмөндө:
“Урматтуу мекендештер! Бардыгыңыздарды мамлекеттик тил майрамы менен куттуктайм!Эгемендик жылдары мамлекеттик тилдин тегерегинде көптөгөн саясий чайкоочулук жүрүп, маселе өзгөчө саясатташып кеткени жашыруун эмес.
Айрым саясатчыларыбыз тил маселесин жеке кызыкчылыктарында пайдаланууга умтулушту. Мындан ары буга жол берүүгө болбойт. Кыргыз тили мамлекеттик камкордукка алынып, тилибизди өнүктүрүүгө бардык шарттарды түзөбүз.
Мамлекеттик тил улуттар аралык мамилелерди жөнгө салуучу, элдин ынтымагын, биримдигин бекемдөөчү, өлкөдөгү туруктуулукту сактоого, өсүп-өнүгүүгө өбөлгө түзүүчү милдетти аткарууга тийиш. Мындай максаттарды жүзөгө ашыруу үчүн өлкөдө саясий эрк, жигердүү аракет жана тийиштүү мүмкүнчүлүктөр бар.
Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошом деген Кыргызстандын ар бир атуулу мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүгө милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу жарандарыбыздын маданий деңгээлин көрсөтөт.
Азыр алдыбызга асыл максаттарды коюп жатабыз. Кыргызстандын ар бир жараны мамлекеттик тил менен кошо расмий тилди жана дагы бир чет тилин билүүгө тийиш. Биздин максат – келечекте үч тилде эркин сүйлөй турган муунду тарбиялоо. Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн белгиси, тарыхый, маданий мурасыбыз катары мамлекеттик тилдин коомдогу кадыр-баркын өстүрүү - биздин негизги милдетибиз".