"Ар-намыс" фракциясы "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган долбоорду кайра иштеп чыгууга жөнөттү
Парламенттеги "Ар-намыс" фракциясы 23-сентябрдагы жыйынында "Кумтөр" боюнча өкмөт сунуштаган меморандумду кайра иштеп чыгууга жөнөтүү чечимин кабыл алды. Мындан кийин долбоорду ЖКнын кароосуна алып чыгуу тапшырмасы берилди. Айта кетсек, фракцияда меморандум боюнча Жантөрө Сатыбалдиев маалымат берди. Меморандумга ылайык, ишканадагы пайда эки тарапка теңме-тең бөлүнмөкчү. Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.