Нариман Түлеев шаардыктарга кайрылуу жасады

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев шаар жашоочуларына кайрылуу жасады. Ал шаар тургундарын өзүнө байланыштуу өтүп жаткан соттук процесстерге катышууну суранат: "Сотко келип менин кесиптештеримди колдоп берүүңүздөрдү суранам. Алардын күнөөсү шаардын өнүгүүсү үчүн жеке жашоосун экинчи орунга коюп, мени менен чогуу күнү-түнү иштешкенинде. Алар балдарына тарбия берип, карыларга кам көрүшү керек. Ушулардын эмгегинин акыбети кайтып биз азыркы жарык жана таза шаарда жашап жатабыз",- дейт Түлеев. Айта кетсек, айыпталуучулардын бири Бакыт Сыдыковдун ден соолугуна байланыштуу сот иши 20-сентябрдан 27-сентябрга жылдырылган эле. 

Соттун биринчи инстанциясында Нариман Түлеевдин мүлкү конфискацияланып, 11 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми мэриянын айыпталган мурдагы 5 кызматкерин 5 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратуучу чечими чыгарылган. Түлеевдин иши 27-сентябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан