Баткенде жергиликтүү тургундар жол тосушту

Баткен облусунда жергиликтүү тургундар бүгүн Пүлгөн - Кадамжай унаа жолун тосушту. Муну 23-сентябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Топтолгондор 40-50 жаран, аталган айылдардын тургундары. Алар аталган жолго өзбек тарап орнотуп койгон посттордун алынышын талап кылышты. Топтолгондорго жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. КРнын Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов өзбек тарап менен сүйлөшүп, соңунда "Япаги" жана "Вуадил" көзөмөл-өткөрмө бекеттерин алып салууга макулдашты. Чогулгандар таркап кетишти. Айта кетсек, өзбек тарап аталган унаа жолго 19-сентябрда постторду орноткон.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан