Башкы прокуратура "Кумтөр" боюнча Айдар Акаевге сырттан айып такты
Башкы прокуратура "Кумтөр" боюнча мурдагы келишим үчүн КРнын мурдагы өкмөт башчысы Николай Танаевге сырттан айып такты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда парламенттеги "Ар-намыс" фракциясынын жыйынында башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмамат уулу билдирди. Айтымында, мурдагы президент Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаевге да сыртынан айып тагылды. "Булар "Кумтөр" боюнча республикага ири чыгым алып келген документти түзүүгө катышкан",- дейт Бекмамат уулу.