Ош. Теннис боюнча ачык чемпиондук өттү

Ош шаарында 20-22-сентябрь күндөрү чоң теннис боюнча ачык чемпиондук болуп өттү. Ага Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынан 30 спортчу катышып, мелдеш 3 күнгө созулду. Жыйынтыгында 1-орунду Ош шаарынын тургуну Амит уулу Максат, 2-орунду Ноокат районунун тургуну Асылбек Насиров, 3-орунду да ноокаттык Болотбек Давлетов ээледи. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети билдиргендей, мелдештин байге фонду 1000 долларды түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан