Ош. Авиакомпаниянын кассири билет сатуудан түшкөн 176 миң сомду мыйзамсыз иштетти деп айыпталууда

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери авиакассалардын биринде каржылык мыйзам бузуу фактысынын бетин ачты. Анда кассир болуп иштеген К.Н. аттуу жаран авиа билеттерди сатуудан түшкөн пайданы өз кызыкчылыгына иштетип жиберген. Билет сатуудан 10 күн ичинде 176 760 сом түшсө, баарын өз кызыкчылыгына пайдаланыптыр. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын ШИИБи кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан