Ош шаарына орнотула турган гүл саат үчүн өткөн аптада шаардыктардан акча чогултуу акциясы башталган эле. Бүгүнкү күнгө карата шаар жашоочуларынан 50 000 сомдой акча чогулганын, иш-чара улантылып жатканын мэриядан кабарлашты. “Гүл саат 17-ноябрь - Студенттердин эл аралык күнүндө ачылат”,- дейт мэриянын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Сонунбек Жунусбаев.