Бишкекте 26-сентябрь күнү КМШ өлкөлөрүндөгү Башкы прокурорлордун Координациялык кеңеши кезектеги жыйынын өткөрөт. Баш прокурорлор 2011-2013-жылдары кылмыштуулук, террорчулук жана экстремизм, баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу, адам сатуу менен күрөшүү жана 2012-2014-жылдары мыйзамсыз миграцияга каршы программалардын иштешин анализдешет. Катышуучу мамлекеттердин Координациялык кеңештин кээ бир документтерине өзгөртүү киргизилиши пландалууда. Ошондой эле кеңешке жетекчи шайлап, кийинки жыйын өтүүчү күн жана өткөрүлүүчү жер белгиленет.