Ош. Казакстандагы мелдеште Ош шаарынын спортчулары ийгилик жаратышты
14-21-сентябрь күндөрү Казакстандын
Алматы шаарында өткөн үчүнчү Евразия оюндарында Ош шаарынан барган спортчулар ийгилик жаратышты. Айта кетсек, грек-рим
күрөшү боюнча 50 килограммдык салмакта Мухаммед
Абдурашидов
2-орунду,
Хожакбар
Абылкасымов (42 килограмм) 1-орунду камсыз кылышты. Бул тууралуу Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын орун басары Заир Тагаев билдирди.