Алмазбек Атамбаев ЖККУнун төрагалыгын Владимир Путинге өткөрүп берди

Президент Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун төрагалыгын бүгүн, 23-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путинге өткөрүп берди. Өлкө башчы ЖККУнун төрагасы болуп турганда көрсөткөн колдоосу үчүн уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларына ыраазычылык билдирди. "Бул аралыкта жакшы жетишкендиктер болду, менимче, биз жаман иш алып барган жокпуз",- деди Атамбаев. Айта кетсек, уюмдун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынына Кыргызстан, Армения, Орусия, Беларусь, Тажикстандын президенттери, Казакстандын премьер-министри катышууда. 

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан