Президент Алмазбек Атамбаев Германиядагы парламенттик шайлоодо Христиан демократиялык бирикмесинин жеңиши менен өлкө канцлери Ангела Меркелге куттуктоо катын жиберди. Өлкө башчы Ангела Меркелдин иш-аракеттери Германиянын гана эмес, бүткүл Евробиримдиктин өнүгүүсүнө багытталарына үмүттөнөрүн айтты. Алмазбек Атамбаев Кыргызстан мындан ары да Германия Федеративдүү Республикасы менен кызматташууга даяр экендигин айтып, канцлерге ден соолук жана ийгилик, Германия элине тынчтыкты жана өнүгүүнү каалады.
Айта кетсек, Германияда 22-сентябрь күнү парламенттик шайлоо болуп өттү. Анда Германиянын федеративдүү парламентинин Бундестагына 598 депутат шайланды. Ангела Меркель жетектеген ХДБ партиясы шайлоочулардын 41,5 пайыз добушун алуу менен биринчи орунду ээледи.