"Кумтөрдүн" 5 миллиард доллар кирешесинин 2,153 миллиард доллары Кыргызстанда калды" - дейт Кылычбек Шакиров

"Кумтөрдүн" 5 миллиард долларлык кирешесинин 2,153 миллиард доллары Кыргызстанда калды",- деди "Кыргызалтын" ишканасынын вице-президенти Кылычбек Шакиров. Анын 753 миллион доллары салык түрүндө казынага түшсө, айлык маянага 378,65 миллион доллар жумшалган. Азык-түлүк сатып алууга 46,47 миллион доллар, инфраструктурага 76,94 миллион доллар, "Кыргызалтындын" таза алтынды бөлүп алуу иштерине 47,6 миллион доллар бөлүнүптүр. "Центерранын" акцияларынын кирешеси - 139 миллион доллардан жогору болгонун айтат Шакиров. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан