Депутаттар сөөк коюу үчүн жер тилкесин бекер берүүнү сунушташууда

Жогорку Кеңештин депутаттары жарандардын сөөк көмүү зыйнаты үчүн жер тилкесин бекер берүү демилгесин көтөрүп жатат. Муну депутат Татьяна Левина парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 23-сентябрдагы жыйынында айтты.

"Сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши жөнүндө" мыйзам долбооруна ылайык, жакындарынан ажыраган бардык жарандарга жөлөк пул төлөө жобосу да камтылган. Буга чейин Социалдык фонд тарабынан 15 миң сом өлчөмүндөгү жөлөк пул пенсионерлерге гана төлөнүп келгени айтылды. Ал эми жалпы сөөк коюу жайлары үчүн бөлүнө турган жердин аянтын жергиликтүү бийлик өзү тактайт. Комитетте мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан