Асылбек Жээнбеков Орусия Мамдумасынын комитет төрагасы Л.Слуцкийди кабыл алды

Төрага Асылбек Жээнбеков 23-сентябрда Орусиянын Мамлекеттик Думасынын КМШ иштери, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитетинин төрагасы Л.Слуцкий менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө төрага эки тараптуу кызматташууну жана артыкчылык берилген өнөктөштүк жаатындагы маселелердин өз маалында чечилишин жандандырууга көмөк болуучу бардык деңгээлде кыргыз-орус карым-катнаштарындагы оң жылыштарды белгиледи. 

 

Парламенттер аралык кызматташуу маселелерине токтолгон А.Жээнбеков КМШ ПАА, ЕвраАзЭШ ПАА жана ЖККУ ПА алкагында Жогорку Кеңеш менен Мамлекеттик Думанын ортосундагы эки тараптуу дагы, көп тараптуу да байланыш деңгээлине оң баасын берди. Төраганын пикиринде, парламенттер ортосундагы эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык кыргыз-орус мамилелеринин бардык чөйрөсүнүн өнүгүшүн толуктайт. “Орусия менен кыргыз тараптын бир катар долбоорлорго кол коюшу жана эки тараптуу макулдашууларды ратификациялашында стратегиялык мүнөз бар. Ал эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташуусунун мисалы болуп саналат”, - деп баса белгиледи төрага.  

 

Слуцкий өз кезегинде Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы өнөктөштүктү жандандыруу маселелеринде Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнүн чоң маанисин белгиледи. “Сиздер эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө зор салым кошуп, парламенттик кызматташууну бекемдөөгө дагы түрткү берип жатасыздар”,- дейт ал.

Баарлашуу жүрүшүндө маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде Эркин соода аймагы жөнүндө келишим, Евразия мейкиндиги алкагында экономикалык кызматташууну кеңейтүү, миграциялык маселелер, отун-энергетика жаатындагы өнөктөштүктү жандандыруу боюнча милдеттер, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери талкууланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан