Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу 23-сентябрда Сочиде ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын соңунда болду. Сүйлөшүүлөр жабык эшик артында өтүп, өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшү, өлкөлөр ортосунда буга чейинки түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү. Муну президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.