Бишкектин жана Чүйдүн айрым райондорунда бүгүн, 24-сентябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектрдин” басма сөз кызматы билдирди. Бул аралыкта Бишкектин Кайназарова, Профсоюз, Тензен, Можай, Түлөбердиев, Боталиев көчөлөрүндө, Ала-Тоо-2 жаңы конушунда жана Логвиненко көчөсүндөгү №24 көп кабаттуу үйдө жарык болбойт. Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Көк-Жар, Аламүдүн, Мраморный, Теңдик, Лесхоз айылдарында, Жайыл районунун Кара-Балта шаарында электр жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүүлөр тийиштүү жабдууларды оңдоо, алмаштыруу иштерине байланыштуу болмокчу.