Чек арадан мыйзамсыз өтүп, эскертүүнү укпаган өзбекстандык жаранды кыргыз чек арачылары жарадар кылды

Кыргыз чек арачылары мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбекстандык жаранды жарадар кылды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Окуя 21-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда болду. Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери кыргыз-өзбек чек арасында эреже бузган өзбекстандык 3 жаранга эскертүү беришсе, алар тоготпой коюшуптур. "Тийиштүү буйрукка алар эч кандай жооп кылган жок, Кыргызстандын аймагына өтүп кете беришти. Чек арачылар алар тарапка ок чыгарып, өзбек жарандарынын бири бутунан жаракат алды",- деп билдирет Чек ара кызматынан. Жаракат алган жаранды чек арачылар тобу ооруканага жеткирип, биринчи медициналык жардам берилди. Учурда ал Кадамжай райондук ооруканасында. Окуянын чоо-жайын тийиштүү орган иликтөөдө.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан