Бишкекте Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара менен кармалды

Бишкекте Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара менен кармалганын Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады. Маалыматка таянсак, 19-сентябрда Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылып, Октябрь райадминистрациясынын экономика, соода жана тейлөө бөлүмүнүн башчысы "Орто-Сай" базарына соода күркөсүн коюу үчүн 9 миң сом пара алганын айткан. Бирок соода күркөсү бир нече күндөн кийин мэрия тарабынан туура эмес жерге коюлганы үчүн сүрдүрүлөт. Мындан кийин арыз ээси берген акчасын кайтарып берүүнү талап кылыптыр. Кызматкер иш бөлмөсүнөн 2 миң сом кайрып берип жаткан учурда кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүп жатат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан