20-22-сентябрь күндөрү Ош облусунда “Арсенал” аттуу рейд жүрдү. Иш-чаранын максаты - жарандардагы мыйзамсыз колдонулуп жүргөн курал-жарактарды кайтарып алуу. Иштин жүрүшүндө 82 адам кармалып, алардан 125 курал-жарак алынды. Мындан башка облус боюнча 22 кылмыштын бети ачылды. Алардын ичинде 1 адам өлтүрүү фактысы, 8 уурулук, 4 талап-тоноо жана башка кылмыштар бар. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлайт.