Токтогул районунда автокырсык болуп, 7 адам ооруканага жеткирилди
Жалал-Абаддын Токтогул районунда автокырсык болуп, 7 адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кырсык 23-сентябрда саат 13:30 чамасында болду. Оор жүк ташуучу DAF автоунаасы менен Дэу-Нубира жеңил унаасы кагылышып, жаракат алгандар аймактык ооруканага жеткирилди. Жаракат алгандардын баары жеңил унаанын жүргүнчүлөрү болушкан.