Бүгүн, 23-сентябрда Бишкекте Орусиянын колдоосу менен АИВ жана башка жугуштуу оорулардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү үчүн масштабдуу программаны ишке киргизүү боюнча конференция өтүүдө. Ага ЮНЭЙДСтин Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы регионалдык директору Жан-Эли Малкин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Кубанычбек Чойбеков, Кыргызстандагы БУУнун туруктуу координатору Александр Аванесев, Орусиянын КРдагы элчиси Андрей Крутько жана башкалар катышууда. Программа калк арасында, аялдар жана жаш балдар арасында жугуштуу оорулардын алдын алууну системалуу түрдө өнүктүрүүгө багытталганы айтылды.