Адистер "өлкөдө жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө багытталган долбоорлор маанилүү" дешет

“Аймакта эл аралык каржылоо кыскарып, АИВ (адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу) эпидемиясы өсүп жаткан учурда мунун үстүнөн көзөмөл жүргүзүү үчүн өлкөнүн потенциалын жогорулатууга багытталган долбоорлор өтө маанилүү". Муну бүгүн, 24-сентябрда жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн масштабдуу долбоорду ишке киргизүү боюнча Бишкекте өтүп жаткан конференцияда ЮНЭЙДСтин Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы регионалдык директору Жан-Эли Малкин айтты. Ал билдиргендей, андай долбоорлор оң натыйжа берет. "Биз бул долбоорду каржылоо менен гана чектелбестен, аны ишке ашырууда техникалык жана эксперттик колдоо көрсөтүп жатканын да кызуу кубаттайбыз”,- деген ал.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан