Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянсак, Кыргызстан Батыш Европа жана Борбордук Азиядагы өлкөлөрдүн арасында ВИЧ жуктуруп алган адамдардын санынын өсүүсү боюнча алдынкы өлкөлөрдүн катарында. 2013-жылдын 1-сентябрына карата өлкөдө аталган илдетти алып жүргөндөрдүн саны 4965 адамга жетти. Расмий эмес маалыматтарда ВИЧ менен жабыркагандардын саны 8727 адам экени бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте өтүп жаткан конференцияда айтылды. Конференцияда өлкөдө жугуштуу оорулардын алдын алуу үчүн масштабдуу долбоорду ишке киргизүү маселесин талкуулоодо.