Аксыда кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда талаш чыкты

22-сентябрда Жалал-Абад облусунда кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда келишпестик чыкты. Аксы районундагы Унгар-Тоодогу Кыргызстанга караштуу ретрансляциялоо станциясына өзбек чек арачылары тик учак менен келишип, станция такталбаган аймакта жайгашканын айтышыптыр. Ошондой эле ал жерде иштегендердин аты-жөндөрүн жазып алууга жетишкен. Ал эми кызматкерлер станция 20 жылдан бери бул жерде турганын айтып жооп узатышкан. Муну КРнын Коргоо, коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов билдирди. “Учурда аталган аймакта кыргыз-өзбек чек арачылары иш алып барышууда. Өзбек тарап станция такталбаган аймакта жайгашканын айтууда. Биз эки тараптын тең чек арачылары аталган аймактан чыгып кетсин, станция өз ишин улантсын деп жатабыз. Учурда өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,- дейт Мамытов.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан