ИИМ: Бишкек мэриясынын кызматкери пара алып жаткан учурда кармалды
Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын бөлүм башчысы пара алып жаткан учурда колго түштү. Муну 24-сентябрда Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка таянсак, кылмышка шектүүнү министрликтин мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери шаардык прокуратуранын өкүлдөрү менен бирге кармашты. Айыпталуучу кызматкер шаар тургундарынын биринен 10 миң сом талап кылып, эгер бербесе анын шаардагы жайкы кафесин сүрдүрүп салууну айтып коркутуптур. Жыйынтыгында сураган акчасын алып жаткан жеринен кармалды. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирет ИИМ.