5-октябрь - Ош шаарынын күнүнө карата шаардагы бак-дарактарды сырдоо иштери башталды. Учурда шаардын Курманжан датка көчөсүндө иш жүрүүдө. 30 адамдан турган эки топ шаардын көркүнө кам көрүп жатат. “Буюрса, 1-октябрга чейин шаардын Түштүк-Чыгыш кичи районунан Манас-Ата кичи районуна чейинки камтыган аймакты бүтүшүбүз керек. Буга 4 тонна акиташ жумшалат”,- дейт шаардын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын кызматкери Кайымбек Аттокуров.