Өмүрбек Текебаев: "Кыргызстандагы ар бир адам өлкөдөгү кырдаалды өзгөртө аларына ишенет"
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев азыр Кыргызстандагы ар бир адам өлкөдө кырдаалды өзгөртө аларына ишене турганын билдирди. Бишкекте парламентаризм боюнча өтүп жаткан тегерек столдо "Ар ким өзүнө ишенет жана дүйнөнү өзгөртө аларына ишенет. Биз бул кырдаалды туура пайдаланып, мындай дымакты туура багытка бурушубуз керек. Орусиялык изилдөөчүлөрдүн маалыматы боюнча өлкөдөгү жарандардын 60 пайызы кырдаалды өзгөртө аларына ишенерин айтышкан. Ал эми Орусияда, тескерисинче, жарандардын 60 пайызы кырдаалды өзгөртө аларына ишенишпейт",- деди депутат.