Саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева 23-сентябрь күнү 7-апрель окуясында алган жаракатынан көз жумган Чыңгыз Султановдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөнсүн деген талап койгон жаш активист Жеңиш Молдакматов менен жолугушту. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Жеңиш Молдакматовтун айтымында, дарыгерлер Чыңгыз Султановдун өлүмүнүн себептерин туура эмес жазышкан. "Дарыгерлер анын 7-Апрель окуясындагы жаракаттан эмес, кургак учуктан каза тапкан деп жарыялашыптыр. Ошол себептен жакындары ушул күнгө чейин компенсация албай келет”,- дейт Молдакматов.
Динара Сагынбаева Саламаттыкты сактоо министрлиги эксперттик топ түзүп, Чыңгыз Султановдун өлүмүнүн себептерин кайрадан иликтеп чыгууга даяр экенин билдирди.