Бишкек шаарынын 135 жылдыган карата “Асман ээси” аттуу фестиваль өтөт. Анда асманга ар түрдүү формадагы аба толтурулган шарлар жана башка фигуралар учурулат. Иш-чара 27-сентябрда Байтик айылындагы "Extreme Park” базасында саат 11:00 дө болот. Ошондой эле абадагы учактардын, парашютчулардын шоу-программалар көрсөтүлөт.
Иш-чара шаардык мэрия жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулуп жатат.