Жогорку Кеңеште “Жаштар парламенти” долбоору иштей баштайт

Жогорку Кеңеште 25-сентябрь күнү “Жаштар парламенти-2013” долбоорунун ачылышы болот. Долбоордун максаты - жаштардын активдүү жарандык көз карашын түзүү жана аларды мамлекеттик жана коомдук иштерге катышууга чакыруу. Сурамжылоо жүргүзүлүп, өлкө боюнча 18-29 жашка чейинки 40 активист тандалып алынган. Долбоор  бир жарым жылга созулуп, 7 жолу сессия өткөрүү пландалууда. Эл аралык республикалык институт менен Демократияны колдоо боюнча коомдук фонд уюштурган иш-чарага министрлер, ЖКнын депутаттары, ЮСАИДдин жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан