Темир Сариев: "Аймактар өнүксө өлкө өнүгөт"

Экономика министри Темир Саиев "аймактар өнүккөндө гана өлкө өнүгөт" деген пикирин Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинде 24-сентябрь күнү билдирди. Сариев Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү программасы боюнча аталган комитетте баяндама жасап, долбоорду жактады. Анын айтымында, ар бир аймактын, ар бир облустун өзүнө таандык бренди болушу керек. "Аймактарды өнүктүрүү багытында жол куруу, суу менен камсыз кылуу жана инфраструктураны өнүктүрүү сыяктуу иш-чаралар жүргүзүлөт. Биз эки баскычтуу бюджетке өтүү менен реформа жасаганы турабыз. Салыктын кайсы бөлүгү аймактарда каларын аныктайбы?" - деди министр.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан