Мамлекеттик салык кызматы Чүйдөгү "Сосновка" постунан жасалма 12 миң бөтөлкө спирт ичимдигин жүктөп бара жаткан жүк ташуучу унаанын ээсин кармады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, кармалган товарлар шарап, коньяк, кальвадос жана бренди. Текшерүүдө 2,5 миң кальвадосто күмөндүү марка чапталганы аныкталды. Жүк ташуучу унаа "Түндүк" бажы терминалына жеткирилип, иликтөө жүрүүдө.