Евразия өнүктүрүү банкы: "Кыргызстандыктардын 72 пайызы Бажы биримдигине кирүүнү колдойт"

Кыргызстандыктардын 72 пайызы өлкөнүн Бажы биримдигине кирүүсүн колдойт. Мындай жыйынтык Евразия өнүктүрүү банкынын эксперттери жүргүзгөн сурамжылоодон кийин белгилүү болгону жарыяланды. Бажы биримдигине кошулууну Кыргызстандагы калктын 72 пайызы, Тажикстанда 75, Арменияда 67, Өзбекстанда 77, Украинада 50, Молдовада калктын 54 пайызы колдойт экен. 2012-жылга салыштырмалуу быйыл Бажы биримдигине болгон элдин ишеними төмөндөгөнү айтылды. Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти колдогондордун көрсөткүчү Казакстанда 7, Орусияда 5 пайызга төмөндөптүр. Сурамжылоого катышкан Борбордук Азиянын жашоочулары мурдагы СССРдин курамындагы мамлекеттердин инвестициясына ишеним көрсөтөрү белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан