Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы №6 мектепте окуучулар арасында мушташ чыкты. 11-класстын окуучусу 9-класстын окуучусун сабап салганын шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Вера Апышева билдирди. Анын билдиришинче, эки окуучунун ортосунда түшүнбөстүк чыгып мушташып кетишкен. Токмок жеген окуучунун ата-энеси токмоктогон окуучуну башка мектепке которууну талап кылууда. Учурда окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү жүргүзүүдө. Окуя өткөн аптада болду.