Жогорку Кеңеште "Кумтөр" боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев сунуштаган долбоор 2-октябрда каралат. Муну төрага Асылбек Жээнбеков ЖКнын 25-сентябрдагы жыйынында айтты. "Ушул жума күнү "Кумтөр" боюнча коомдук угуу болот. Бардык депутаттарды буга катышууга чакырам. Парламенттин кийинки аптадагы 3-күнкү жыйынына бул маселени алып чыгабыз. Өкмөт катышат",- деди төрага. Айрым депутаттар коомдук угуунун кереги жок экенин, анткени маселе боюнча комитет, фракцияларда суроо-жооптор берилип бүткөнүн билдирди. Бирок төрага коомдук угуу болушу керектигин, тийиштүү адистердин пикирин угуу маанилүү экенин айтты. "Өткөрүп коюшубуз керек, эгер өткөрбөсөк айрымдар айтып чыгышат, эмнеге өткөрбөй койдуңар? деп",- деди.
Эске салсак, 1993-жылы "Кумтөр" келишими жаңы түзүлгөндө Кыргызстандын үлүшү 67 пайыз болчу. "Кумтөр" 10 жылдан кийин толугу менен Кыргызстан тарапка өтмөк, бирок андай болгон эмес. Келишим өзгөртүлүп, кыргыз тараптын үлүшү улам азайып отуруп 33 пайызга чейин түштү. Учурда айрым саясатчылар алгачкы келишимге кайтып, үлүштү 67 пайыз кылууну, айрымдар "Кумтөрдү" 100 пайызга мамлекетке алууну талап кылып жатат. Ал эми өкмөт пайданын 50х50 пайыздан бөлүнүшү туура деген позицияны карманууда.