Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-октябрга кайра Финполго суракка чакыртылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Мухаммедкалый Абылгазиев Финполго 21-октябрда суракка чакыртылган. Бирок ал журналисттерге кайсы иш боюнча күбө катары чакырылганын тактаган эмес.