Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сурактан чыкты. Бирок ал журналисттерге кайсы иш боюнча күбө катары чакырылганын тактаган жок.
"Мен маалыматтарды айтпоо тууралуу тил катка кол коюп бердим. Андыктан кайсы иш боюнча суракка чакыртылганымды айта албайм. Учурда убактымды үй-бүлөм менен өткөрүп жатам. Андыктан өлкөдөн эч жакка кетпейм", - деди ал.
Ошондой эле кийинки сурак кайсы күнү болору боюнча маалыматы жок экенин, аны Финпол алдын ала кабарлай турганын билдирген.
Маалыматка ылайык, Абылгазиев суракта 4 сааттан ашык болгон.
Мухаммедкалый Абылгазиев Финполго бүгүн, 21-октябрда суракка чакыртылганы маалымдалган.