Экинчи толкуну башталган илдеттин жаңы белгилери кантип байкалат? Адис мындай учурда эмне кылуу керектигин айтты

Дүйнө жүзүнө тараган COVID-19дун экинчи толкуну Кыргыз өлкөсүн да кыя өткөн жок. Экинчи толкуну башталган илдеттин жаңы белгилери кантип байкалат жана андан коргонуу үчүн кандай чараларды көрүү керек? Бул тууралуу Бишкек шаардык №6 клиникалык ооруканасынын пульмонологу Салтанат Курманалиева SUPER.KG порталына айтып берди.

- Учурда COVID-19дун экинчи толкунунда кичинекей балдар көбүрөөк ооруп, вирустун жаңы симптомдору болот деп жатышат. Мындай учур катталса эмне кылышыбыз керек?

- Ооба, азыр баары коркунучта, мурункудай болобу же андан катуу болобу деген ойлор болуп жатат. Коронавирустун экинчи толкуну боюнча көбүрөөк кабатыр болуп кайрылгандар бар. Күз мезгили да аяктап бара жатат, жылдагыдай эле сасык тумоонун учуру башталган убакта бронхит оорулары күчөйт. Өнөкөткө айланган оорусу барлар коронавирусту жуктуруп албаганга аракет кылуусу керек. Санитардык эрежелерди сактап, иммунитетти көтөрүүгө кам көрүү зарыл. COVID-19дун жаңы белгилери бизде каттала элек. Бирок вирустун симптомдору мурундан же тамактан гана эмес, кулактын сезгенишинен, ошондой эле ашказан-ичегилердин ооруганынан да байкалары айтылууда. Кичинекей балдарда катталып жаткан оору бул күчтүү инфекциядан кийин иммундук системдин өзгөрүшү, кан тамырлардын катуу жабыркашы, майда тромбдорго алып келет. Алар жүрөк-кан тамырларынын, бөйрөктүн сезгенишинен улам көбүнчө баккулист сыяктуу ооруларга алып келиши мүмкүн. Ушундай учурларга жол бербешибиз керек. Алдын ала баланын ден соолугуна көбүрөөк көңүл бурушубуз маанилүү. Дарыгерге убагында кайрылып, дарылануу чараларын көрүү зарыл. Бул оору боюнча бизге кайрылгандар каттала элек.

- Коронавирусту экинчи ирет жуктуруп алгандардын абалы кандай болот? Жай мезгилиндегидей окуяларды болтурбоо үчүн кандай чаралар көрүлүп жатат?

- Биринчи толкун баарыбызга сабак болду десем болот. Экинчи ирет ооруп баштаса, алгач эле үй-бүлөлүк дарыгерлерге, пульмонологдорго убагында кайрылып, контролдук рентген жасап, дарылануу чараларын көрүү керек. Андан тышкары дем алуу көнүгүүлөрүн жасоо менен бирге дайыма иммунитетти көтөргөнгө жардам берүүчү витаминдерди ичүү сунушталат. Өпкөнү, көкүрөктү койдун майы менен сүйкөп кошумча жардам алса болот. Туура тамактанып, ошону менен бирге өздүк гигиенаны сактап, бет кап, кол кап кийип, антисептикалык каражаттарды колдонуп сак болуу керек. Өнөкөт оорусу барларга өз убагында дарыларын ичүү сунушталат.

- Айыл жерлеринде ооруканага баргандан корккондор да бар экен. Алар ооруп калышса "коронавирус деп ийне сайып, дарыгерлер өлүмгө дуушар кылышат" деген сөздөр да айтылып жатыптыр. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

- Жок, андай ойдон алыс болуу керек. Эч ким, эч качан андай оорусу жок болсо деле коронавирус деп тыянак чыгарбайт. Мындай сөздөр эл арасында тарай берет. Азыркы кезде эң маанилүүсү коркунучтуу илдеттен алыс болуу үчүн туура ойлонуу керек, ден соолукка кам көрүп, мүмкүн болушунча иммунитетти көтөрсөк коронавирустун экинчи толкунунан жеңил өтөбүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rifle_I
2020-10-25 11:08:19
Бизге биринчи толкун эч кандай сабак болбоду. Той аштар дагы эле уланып, базарлар иштеп жатат. Бизде болсо оорулар толтура. тынымсыз келип жатат. Оор абалдагылар да коп жатат.
+7
maks94.kb
2020-10-25 12:58:07
Rifle_I,сабак болгон кундо деле карапайым калк эмне кылат мамлекет казанга аш салып бербесе анан кара жанды багуу учун базарда башка жактарда иштегенге аргасызда ачкачылыктан олтурмак беле
+5
Rifle_I
2020-10-25 11:08:56
Элибизде жарандык жоопкерчилик абсолютно жок экен.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан