Орусияда коронавирус инфекциясына каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өткөнү айтылды

Орусияда коронавирус инфекциясына каршы вакцина сыноодон өттү. Изилдөө ийгиликтүү болгонун Иван Сеченов университетинин Трансляциялык медицина жана биотехнология институтунун директору Вадим Тарасов билдиргенин орус басылмалары жазышкан.

Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги 18-июнда Сеченов университетинде Николай Гамалея атындагы Улуттук эпидемиология жана микробиология илимий борбору тарабынан иштелип чыккан коронавирустук вакцинанын клиникалык сыноолору башталгандыгын маалымдаган.

"Сеченов атындагы окуу жайда дүйнөдөгү биринчи коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Изилдөөгө катышкан ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчиси 20-июлда үйлөрүнө жиберилет", - деген окуу жайдын директору.

Изилдөөгө катышкан ыктыярчылар эки топко бөлүнүп, анда вакцина биринчи топко азыраак, экинчи топко эки эсе көп берилген. Алгачкы күндөрү жарандардын дене табы көтөрүлүп, андан башка эч кандай терс корсөткүчтөр байкалган эмес.

Ыктыярчылар узак убакыт бою обочолонгондуктан, бул нерсе алардын психологиялык абалына таасирин тийгизип, изилдөө учурунда эмоционалдык стресс күчөгөн. Мындан улам изилдөө жүргүзүүгө психологдор да тартылганы айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Paol
2020-07-12 12:33:35
Кудайга шүгүр!Буйруса баары жакшы болсо сатыка чыгаргыла
+11
Aika1988
2020-07-12 13:55:59
Paol,оа тез арада сатыка чыкса жакшы болот эле Эми ошону биздин мамлекет башчы суйлошуш керек да элди кыйнабай.
+3
Onjol.remix
2020-07-12 12:34:17
Аллоху акбар эми ушул ваксина менее
+8
natasha00
2020-07-12 14:45:03
Onjol.remix,тушунбосон эмне аллаху акбар дедин анда?
-1
-BOSS-
2020-07-12 12:35:36
Ар ай сайын вакцина чыкты, текшерүүдөн ийгиликтүү өттү деп коюп жок болуп кетишет, качан сатылаары жөнүндө деле бир ооз айтып коюшпайбы
+7
i1urp
2020-07-12 14:59:54
Орустардан негизи ото акылдуу адамдар чыккан
+1
zamir_kgz
2020-07-12 21:03:15
i1urp,Ооба десен, аракты ойлоп таап коюшуп канчасы арам олуп кетти. Акылдуу Орустар Рахмат силерге канчасынын тагдырын талкаладынар!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан