Сутка ичинде республика боюнча дагы 19 жаран коронавирустан айыкты делинип, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалымат берип жатып билдирди. Алар:
Бишкек шаары - 8;
Ош облусу - 5;
Жалал-Абад облусу - 4;
Баткен облусу - 2.
Муну менен айыккандардын жалпы саны 929.