Ош шаарында жасалма 100 долларды акча алмаштыруучу жайдан сомго алмаштырмакчы болгон жаран кармалды. Шектүү жаран 1980-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну. “Кармалган жаран 100 доллары жасалма экендигин билген же билбегендиги белгисиз. Учурда акчаны кайдан алгандыгын тактоо иштери жүрүп жатат”,- деп билдиришти Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан.