Бишкектеги жарылуу боюнча Ички иштер министрлиги кошумча маалымат берди. Жарылуу "Платонов" жеке менчик ишканасында белгисиз жабдуудан улам болгонун, ал жардыруучу зат болушу толук мүмкүн экенин билдирет министрлик.
Жарылуу эмерек чыгарган ишкананын кеңсесинин 2-кабатында болуптур. Окуя боюнча иликтөө иштетеринен кийин толук маалымат бериле турганы, өлгөндөр бар экени айтылды. Учурда ал жерде ӨКМ, ИИМ, Ленин РИИБинин кызматкерлери, УКМКнын сапёрлору иш алып барууда. Айта кетсек, кырсык бүгүн, 25-сентябрда Бишкектеги Тимур Фрунзе - Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги ишканада болду.