Нурлан Мотуев: "Мен акыйкатчылык кызматка өзүмдүн укугумду коргош үчүн бара жатам"

"Мен акыйкатчылык кызматка өзүмдүн укугумду коргош үчүн бара жатам",- деп билдирди аталган кызматка талапкер Нурлан Мотуев. Ал мындай пикирин 25-сентябрда ЖКнын тийиштүү комитетинин жыйынында айтты. Укук коргоо органдары укугун бир нече жолу тебелегенин айткан Мотуев буларды билдирди: "Кара-Кече боюнча сот иши 4 жылга созулду, мени суракка чакырган да, айып таккан да жок. Болгону убакытты созуп жатат. Ишкананы 2009-жылы гана жабышты. Кыз зордуктоо боюнча дагы. Соттук-медициналык экспертиза менин күнөөсүз экенимди далилдеди. Эгер мен өз укугумду коргой албасам, карапайым адамдардын укугу тууралуу эмне деп айтууга болот?". 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан