Биз социалдык тармакта

"Кыргызчам начар, аны өркүндөтүүгө аракет кылып жатам". Финполдун каты делген сүрөткө маалымат катчы түшүндүрмө берди

Буга чейин Сыймык Жапыкеев жетектеген Финполдун Фейсбук социалдык тармагындагы расмий баракчасына кайрылгандарга жиберген жообу деген сүрөт талкууга түшкөнү маалымдалган. Окуя боюнча Финполдун маалымат катчысы Анастасия Пискур SUPER.KG порталына түшүндүрмө берди.

Ал билдиргендей, социалдык тармакта талкууга түшкөн катты ал өзү жазган.

"Ооба, бул биздин баракча, мен бул каталарды шашылыш түрдө жасадым. Мамлекеттик тилде жазган кесиптешим азыр ооруп жатат. Кечирим сурайм, менин кыргызча деңгээлим начар, бирок мен аны өркүндөтүүгө аракет кылып жатам.

Азыр көптөгөн адамдар ооруп жатышат, адатта, мен орус тилинде жазчумун, жанымдагы кесиптешим кыргызча которчу. Азыр ансыз колу жоктой болуп жатам, маалымат болсо абдан көп болууда.

Азыркы тапта чоң, резонанстуу бир топ ири иштердин бети ачылып жаткандыктан, менде дайыма эле убакыт болбой жатат", - деди маалымат катчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
asylym77
2020-10-29 14:59:20
Ошондо бул кыз да ошол иштердин бетин ачып атабы анда молодец!!!
+4
Jibakana
2020-10-29 15:13:38
Кыргызча билбесен кет иштен...
-4
Arzybekkg
2020-10-29 15:49:34
Jibakana,эмне кыласын кетирип? Акырындык менен уйронт да кыргыз тилин да... Эмне мынча шашкалактайсынар... Кечирим сурап жатпайбы... Кыргыз болуп кыргызча билбегендер тоолтура бишкекте
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан