"Чоң Казат" партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев жетектеген Финполдун Фейсбук социалдык тармагындагы расмий баракчасынын кайрылгандарга жиберген жообу деген сүрөт талкууга түштү.
Интернет колдонуучулар тараткан сүрөттө "маалыматтардын көп болгонуна байланыштуу биз жатабыз" деп жазылган жоопту көрүүгө болот. Билдирүүлөргө караганда, ал жакта "жетишпей" деген сөз калып калган. Азырынча Финпол бул боюнча билдирүү тарата элек.