26-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 15 миллиард 895 миллион метр кубду түздү
Токтогул суу сактагычында 26-сентябрга карата суунун көлөмү 15 миллиард 895 миллион метр кубду түздү. Эске салсак, 2012-жылы бул көрсөткүч 17 миллиард 498 миллион түзгөн. Суу сактагычка суунун агып кириши учурда секундуна 287 метр кубду, агып чыгышы 228 метр куб болууда. Ал эми былтыр суунун агып кириши 250 метр кубду, агып чыгыш 228 метр кубду түзгөн эле.